Сервер иштебей сүйүнчү алууга кагаздарды тапшыра албай жатышат

15:44, 25 июля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде сервер иштен чыкты. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине окурмандар билдиришти.

«Бүгүн Октябрь райондук каттоо кызматынан беш жолу келишти. Иш кагаздарын алуудан баш тартты. Сервер иштебей жатат дейт» — дейт алар.

Мамлекеттик каттоо кызматы кечээ иштебей калып, оңдолгон сервер бүгүн дагы иштен чыккандыгын айтты.