Жыл башынан бери Бишкек жана Ош шаарларында жаңы төрөлгөн 10 миңден ашуун балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган документти каттоо кызматынын кызматкерлери төрөт үйлөрүндө беришет. Тактап айтканда Бишкектеги № 1, № 2 төрөт үйлөрүндө, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, шаардык гинекологиялык ооруканада, Ош облустар аралык ооруканасында берилет.