Жаңы төрөлгөн 10 миңден ашуун балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилди

09:08, 31 июля 2018, Бишкек - 24-kg.com

Жыл башынан бери Бишкек жана Ош шаарларында жаңы төрөлгөн 10 миңден ашуун балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген. Бул тууралуу «24-kg.com» агенттигине мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган документти каттоо кызматынын кызматкерлери төрөт үйлөрүндө беришет. Тактап айтканда Бишкектеги № 1, № 2 төрөт үйлөрүндө, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, шаардык гинекологиялык ооруканада, Ош облустар аралык ооруканасында берилет.