ӨКМ: Чоң Чүй каналына түшүп кеткен унааны чыгарып беришти

09:39, 13 августа 2018, Бишкек - 24-kg.com

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында, Чоң Чүй каналына Хонда үлгүсүндөгү унаа түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КР ӨКМнын № 101 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары крандын жардамы менен унааны каналдан чыгарууга жардам беришкен.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.