11:23, 15 августа 2018, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек шаарындагы эт комбинатынын имаратынан чыккан өрт толугу менен бүгүн саат 01:20да өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, өрттүн кесепетинен имараттын 5000 чарчы метр аянты күйгөн.
Эске салсак, 9-августта Бишкек шаарындагы Москва көчөсү № 266 дарегинде иштетилбей бош турган мурунку эт комбинатынын имаратынан өрт чыккан. Анда жабыркагандар катталган жок.