Кара-Кулжа районунда 12 тургун сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылды

14:00, 15 августа 2018, Бишкек - 24-kg.com

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда 12 тургун сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты 24-kg.com агенттигине Саламаттык сактоо министрлиги тастыкташты.

«Лабораториялык диагноз азырынча белгисиз. Бейтаптар Кара-Кулжа аймактык ооруканасына жаткырылды. Баары анализ тапшырды», — деп билдиришти министрликтен.