11:05, 16 августа 2018, Бишкек - 24-kg.com
Сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылгандардын абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, оорулууларга диагноз али коюла элек. Лабораториялык изилдөөлөр 3-4 күндөн кийин белгилүү болот. Бейтаптардын баардыгы учурда антибиотик алып жатышат.
Эске салсак, Кара-Кулжа районунда 12 киши сибирь жарасына шектелип ооруканага жаткырылган.