«Манас» аба майданынын кызматкерлери «Баатыр эне» орденин таап алышты

14:32, 23 августа 2018, Бишкек - 24-kg.com

«Манас» эл аралык аба майданынын кызматкерлери «Баатыр эне» орденин таап алышты. Бул тууралуу Facebook баракчасына компаниянын басма сөз катчысы Алия Курбанова жазып чыкты.

Фото

14258 номурлуу орденди 21-августта таап алышкан.

Фото

«Баатыр эне» ордени менен кыргызстандын жарандары, 7 жана андан ашык балдарды татыктуу тарбиялап өстүргөн аялдарга берилет. Ал президенттин буйругу менен берилет.