Журналист Улугбек Бабакулов Франциядан башпаанек алды. Бул тууралуу ал 24-kg.com агенттигине билдирди.
Анын айтымында, азырынча өз мекенине кайтып келе албайт. «Мен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин айынан чет жерде жүргөнгө аргасызмын. Франциянын бийлиги мага жана үй-бүлөмө бул жакта калуу үчүн шарттарды түзүп берди», — деди Улугбек Бабакулов.
Эске салсак, 2017-жылдын июлунда УКМК журналистке карата улуттук, расалык жана диний козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Улугбек Бабакулов чагымчыл мүнөздөгү бар канча макалаларды жазып чыккан. Ал 2017-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен.