Бишкектин акыркы 5 мэринин портреттери шаар башчыларынын галереясына илинди

10:04, 12 сентября 2018, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектин акыркы 5 мэринин портреттери муниципалитеттин имаратында жайгашкан шаар башчыларынын галереясына илинди. Такта 10 жылдан бери жаңыланган эмес.
Акыркы жолу 2005-2007-жылы мэрлик кызматты аркалаган Арстанбек Ногоевдин портрети илинген.

«Акыркы мэрлердин портреттерин менин буйругум менен илишти, сүрөтчүлөргө акысын төлөп бердим. Галереяда 1917-жылдан бери шаар башчысы болгон мэрлердин портреттери илинген. Данияр Үсөнов, Нариман Түлеев, Исы Өмүркулов, Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун портреттерин илип койдук», — деп 24-kg.com агенттигине мэр Азиз Суракматов билдирди.