WhatsApp аркылуу тарап жаткан бөйрөгү жок балдардын сүрөттөрү жасалма

10:56, 12 сентября 2018, Бишкек - 24-kg.com

WhatsApp аркылуу тарап жаткан бөйрөгү жок балдардын сүрөттөрү жасалма. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Бишкек ШИИББдан билдиришти.
Буга чейин редакцияга окурмандар кайрылып, бөйрөгү жок каза болгон 2 кыз тууралуу маалыматтын чын төгүнүн билип берүүнү суранышкан.
Бишкек ШИИББдан билдиришкендей, балдарды уурдоо фактысы балким Дагестанда катталган. Сүрөт менен бирге үн менен коштолгон билдирүү дагы бар. Анда Дербент шаарында балдарды уурдоо боюнча 6 факты катталгандыгы тууралуу айтылат.