11:57, 12 сентября 2018, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстанда экстремисттик мүнөздөгү материалдарды тараткан 16 сайт жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында маалым болду.
УКМКнын өкүлдөрү жана ИИМдин башкармалыгы тыюу салынган материалдар орун алган 51 маалымат ресурсун таап чыгышкан. Сот 16 сайттын ишин жапкан. Мындан сырткары социалдык түйүндөрдө 8 аккаунт жабылды.
Депутат Ирина Карамушкина экстремизм боюнча канча киши кармалды деп кызыкты. Маалым болгондой, 40 киши колго түштү.