09:15, 13 сентября 2018, Бишкек - 24-kg.com
Ош шаардык соту өз кызын өлтүрүүгө аракет кылган 26 жаштагы аялды 12 жылга эркинен ажыратты.
Маалым болгондой, кылмышкер жеке бала бакчада жашап жүргөн. Ал кызын жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүгө аракет кылган.
Соттук отурумдун жүрүшүндө аял күнөөнү мойнуна алды. Анын айтымында, күйөөсү менен ажырашкандан кийин ата-энеси кызын кабыл алышкан эмес. Бара турган жери жок чүнчүп кеткен. Ал кызын сабап, акыркы жолу жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүүнү, андан кийин өз өмүрүнө кол салууну пландаган.
Наристени бала бакчанын күзөтчүлөрү сактап калышкан.