Окурман: Кара-Жыгач сейил багында тосмолор орнотулууда

10:13, 18 сентября 2018, Бишкек - 24-kg.com

Кара-Жыгач сейил багында тосмолор орнотулууда. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурмандар билдиришти. Алар бул иш мыйзам жолунда аткарылып жатабы же жокпу кызыгышууда.

«Аталган аймактын батыш жактан кире беришинен магистралдык түтүккө чейин тосмо орнотушууда. Тосмонун арткы жагында бак-дарактар калып калды. Аларды үй ээлери отургузган деп айтууга болбойт. Биз паркка барып ишембилик өткөрүп турабыз, эми болсо кимдир-бирөөлөр жерди элден алып жатат», — деп жазылат маалыматта.