Улан Саляновду өлтүргөн кылмышкер күнөөнү мойнуна алды
16:52, 20 сентября 2018, Бишкек - 24-kg.com
Биринчи Май райондук сотунда мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы
Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши каралып жатат.
Иш боюнча негизги күнөөлүү катары 32 жаштагы Эрмек Осмонкулов сурак берди. Жыйынтыгында ал күнөөнү толугу менен мойнуна алды. Маалыматка караганда, кылмышкер Макаров үлгүсүндөгү тапанча менен Ош шаарында каракчылык менен тоноо иштерин жасаган. Ошол эле тапанча менен Улан Саляновду өлтүргөнү аныкталды.
Эске салсак, Улан Саляновду былтыр 5-ноябрда өз үйүнөн өлтүрүп кетишкен.