Унаа токтотуучу жайдын жумушчусун сабаганга шектүү айдоочу кармалды
11:37, 26 сентября 2018, Бишкек - 24-kg.com
Свердлов РИИБнын кызматкерлери унаа токтотуучу жайдын
жумушчусун сабаганга шектүү айдоочуну кармады. Бул тууралуу
24-kg.com агенттигине ШИИББдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жарандын өздүгү такталууда. Аталган факт боюнча иликтөө жүрүп жатат.
Эске салсак, социалдык түйүндөргө айдоочу унаа токтотуучу жайдын жумушчусун сабагандыгы тууралуу видео жарыяланган.