Парламентте жемкорлукка малынган министрликти аташты

10:44, 27 сентября 2018, Бишкек - 24-kg.com

Парламентте жемкорлукка малынган министрликти аташты. Депутат Сайдолимжон Джураевдин айтымында, Унаа жана жолдор министрлиги эң коррупциялашкандардын алдыңкы тизмесинде турат.
Эсеп палатасынын маалыматы боюнча, текшерүүчүлөр 2017-жылы 351 миллион сом максатсыз пайдаланылганын аныкташкан.

«Бирок, министр дагы деле кызматта отурат. Бул келжиректик. Жемкорлук менен күрөшобүз десек, дал ушул министрликтен башташыбыз керек» , — деди Сайдолимжон Джураев.