Бишкектиктер арыктын тегерегинде калып калган таштандыга нааразы

11:35, 01 октября 2018, Бишкек - 24-kg.com

Бишкектин 7-кичи районундагы № 5 үйдүн тегерегиндеги арыкта оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Бирок, арыктын четинде курулуш таштандылары калып калган. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурман билдирди.

«Жайында арыктар алмаштырылган. Ал эми эски калдыктары, бактын тамырлары жана асфальттын кесимдери тазаланбай, жерде калып калган», -деп жазылат маалыматта.