04:23
USD 87.45
EUR 101.98
RUB 1.14

ЖЭБдеги кырсык. Айбек Калиев камакта калтырылды

Жогорку сот Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиевди камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айбек Калиев жемкорлукка айыпталууда. Ал 19-апрелде соттолгон. Камакта «Электрдик станциялар» ААКнын башкы директору Салайдин Авазов дагы отурат.

Мындан тышкары, Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча айыпталып мурунку премьер-министр Сапар Исаков, Энергетика министрлигинин мурунку башчысы Осмонбек Артыкбаев, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана экс-мэр Кубанычбек Кулматов камакта отурушат.

Маалыматка караганда, Айбек Калиевди үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү сот аткарган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар