УКМК: Сапар Исаковдун мүлкүн баалоо тууралуу маселе көтөрүлгөн жок

14:05, 05 октября 2018, Бишкек - 24-kg.com

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун мүлкүн баалоо тууралуу маселе көтөрүлгөн жок. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, ведомство жактоочу Нурбек Токтакуновдун маалыматын четке какты. Ал буга чейин мурунку премьер-министрдин жакындарынын мүлкү камакка алынышы мүмкүн деген маалыматты жазып чыккан.

«Учурда тергөө жүрүп жатат. Жактоочунун берген маалыматы чындыкка коошпойт», -деп билдиришти УКМКдан.

Эске салсак, Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБдеги кырсыктын алкагында жемкорлук айыбы тагылган.