Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жогорку билими тууралуу дипломду сатып албаганын билдирди. Бул тууралу 24-kg.com агенттигине айтты.
Депутат анын диплому учурда текшерүүдөн өтүп жаткандыгын билет.
«Менин дипломумду Аскар Акаевден тарта баардык президенттердин убагында текшеришкен. Жашыра турган эч нерсем жок. Үч жогорку билимим бар: юрист, дипломат жана аграр», — дейт Рыскелди Момбеков.


