Кардарлардын бири редакцияга курттап кеткен момпосуйлардын сүрөтүн жөнөткөн.
Буга чейин түркмөн борборунда эскирген сүт азыктары, колбаса, акшак жана ун сатылып жатканы кабарланган. Айрым товарларда жарамдуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес.
«Мыйзам бузгандарга бейрасмий түрдө айыппул салышат, бирок бузулган товарлар сатыктан алынбайт. Сентябрда жергиликтүү өндүрүштөн чыккан сүттөн курт чыккан, бирок ал сатыкка коюлган», — деп жазылат маалыматта.